7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түштүк Кореянын президенти COVID-19ду токтото албагандыгы үчүн элден кечирим сурады

275

Түштүк Кореянын президенти коронавирустун экинчи толкунун токтото албаганы үчүн элинен кечирим сурады. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, Кореяда акыркы бир суткада 1030 адамдан коронавирус аныкталган.


Ишемби күнү Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин кырдаалды өтө оор деп атап, коронавирустун экинчи толкунун токтото албагандыгы үчүн элинен кечирим сурады.


«Коронавирус менен жаңы катталган учурлардын басымдуу бөлүгү Сеул аймагында аныкталды. Учурда кафелер жеткирүү кызматы менен гана иштеп жатат. Ал эми ресторандар саат 21:00дө жабылат. Бийлик дагы чараларды күчөтүшү мүмкүн.Тактап айтканда, мектептерди жаап, ишканалардагы кызматкерлердин аралыктан иштөөсүн талап кылышы мүмкүн», — деп берилет маалыматта.


Пандемия башталгандан бери Кореяда 42,7 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталса, 580 адам көз жумган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

276