7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта кой баккан бала ата-энеси эч кандай зомбулук көрсөтпөгөнүн билдирген

397

Соцтармакка кароосуз калды деп тараган видеодогу баланын жашоо шартына жергиликтүү бийлик текшерүү жүргүзгөнүн президенттин Таластагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ага ылайык, 10 жашар Б. Н. 64 жаштагы өгөй атасынын колунда тарбияланат. Апасы үчүнчү баласын төрөп төрөтканада болгондугуна байланыштуу өгөй атасы 2 жана 1 жаштагы балдарын карап, үйүндө. 34 жаштагы апасы үй кожойкеси. Б.Н. Көк-Дөбө участкасында жайгашкан сарайда таенеси менен биргеликте өздөрүнүн малын багып жүрөт. Ал Арчагул айылындагы мектепте окуйт, класс жетекчиси бала сабактан калбай барарын айткан.

Бул үй-бүлөнүн 53 кою, 2 ую жана 4 торпогу бар, жашоо шарты орто. Көк-Дөбө участкасында жайгашкан сарай анын өгөй атасынын менчигинде.

Б.Н. ата-энеси тарабынан эч кандай зомбулук көрсөтүлбөгөндүгүн жана малды өз ыктыяры менен багып жатканын билдирген.

Бул маселе боюнча түзүлгөн комиссия атасына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, РИИБ тарабынан тергөө жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, тиешелүү райондук мекеме-уюмдардын жетекчилерине, айыл аймак башчыларына үй-бүлөнү такай көзөмөлгө алуу тапшырылган.

 

398