7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти кызматына талапкер катары көрсөтүлдү

704

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти кызматына талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир күн мурун Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда КФСтин президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана вткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди. Талапкерлерлик үчүн арыздар 5-февралга чейин кабыл алынган.

КФСтин Шайлоо кодексине ылайык, КФСтин бир мүчөсүнөн ар бир бош кызмат ордуна бирден талапкер көрсөтүлөт. Кыргыз футболдук союзунун президенттик кызматына бир гана талапкер Камчыбек Ташиев көрсөтүлдү. Аталган талапкерди «Талант» футболдук клубу сунуштады.

19-февраль күнү «Novotel» отелинин жыйындар залында КФСтин 2024-жылкы кезексиз конгресси орун алып, анын жүрүшүндө жетекчиликтин жаңы курамы шайланат.

705