7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча талкуулашты

416

Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашып, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушту тобуна калган тилкелерде эки мамлекеттин чек ара линиясын мындан ары аныктоо үчүн ишти улантуу боюнча так тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

417