2024-жылдын 10-мартынан 16-мартка чейинки окуялар тууралуу профессор Жамгырбек Бөкөшов менен маек.
Негизги окуялар:
– Чет элдик өкүлдөр тууралуу мыйзамды ЖК 14-мартта үчүнчү окууда кабыл алды, 5 гана депутат каршы добуш берди.
– Бириккен улуттардын Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве бул аракетти сынга алды.
– AI, HRW, RSF, КРдин коомдук уюмдары – баары кайрылып, вето салып, кол койбоого чакырып атат.
– Маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамды кабыл алуу президенттин тапшырмасы менен токтотулду.
– Январда кармалган 11 журналисттин үчөө үй камагына бошотулду.
– Электр энергиясын үнөмдөө максатында болуп келген жарык өчүрүүлөр улам токтоп, кайра болууда.
– Уулуу калдыктарды зыянсыздаштыруу үчүн Россия 2 млрд рубль бөлө турган болду.
– Бишкекке Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегия башчысы Бакытжан Сагинтаев келип кетти.
– Түркиядан келген Иненү университетинин ректору Ахмет Кызылай боор алмаштыруу боюнча тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.
– Президент Садыр Жапаров Кабар агенттигине кезектеги интервью берип, Азимбек Бекназаровду катуу сындады, Матраимов менен Камчы Көлбаев тууралуу да айтты.
– Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков – кимдир бирөө сотто акталса, ага каршы кылмыш ишин ачып, тергөө жүргүзүп, сотко алып келгендер жазалануга тийиш деп билдирди.
– Башка быр жолугушууда Базарбеков – Кемпир-Абад боюнча күнөөлөнгөндөр сотту өздөрү создуктуруп жатат деп билдирди.
– Айбек Осмонов арыз жазып, депутаттык мандатын тапшырды.
– Шайлообек Атазов баш прокурор Курманкул Зулушевди – Матраимов менен дос болгон деп күнөөлөп чыкты.
– Ош облустук соту Өмурбек Бакировго карата Ноокат сотунун чечимин күчүндө калтырды. 2021-жылдын ноябрында ал добуштарды сатыл алган деп күнөөлөнгөн.
– Адамдык өнүгүү көрсөткүчү боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан өнүккөн мамлекеттер катарына кириптир.
– Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 100 пайыз акциясы президенттик администрациянын иш башкармалыгына өттү.
– Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводу мамлекеттин карамагына өттү, мурда ал Капмчы Көлбаевдин колунда экен.
– Өкмөттүн чечими менен орто билим берген мектептер 12-жылдык окууга өтмөй болду.
– Мектептерде кол телефондорун колдонууга окуучуларга уруксат берсе болобу деген талкуу жаралды.
– Хоккей боюнча Кыргызстандын курамасы өз группасында 2-орунду ээлеп, 2-лигага чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
– Дүйнө жана Олимипиада чемпиону Т.Дүйшөбаев Кыргызстанга келип кетти. Аны Садыр Жапаров кабыл алды.
– Бильярд боюнча дуйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалып, үй камагына отургузулду.
– Доктурлардын айтымында, кургак учук менен ооругандардын саны өлкөдө азайып баратат.
– Американын Монтана штатында Артур Шубарт деген адам Кыргызстандан алып чыгып кеткен аркардын ДНКсын пайдаланып, кулжанын клонун жаратыптыр жана аны башка жаныбарлар менен аргындаштырып жүрүптүр. Азыр ал соттолуп жатат.