7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев менен Зулушевдин атын жамынып, опузалап акча талап кылгандар кармалды

548

УКМК төрагасынын жана Башкы прокурордун атын жамынып опузалап акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Камчыбек Ташиев менен Курманкул Зулушев менен байланышы бар экенин айткан жарандар А.Г.Эден, күйөөсүнө карата соттун оң чечими үчүн 8 миң АКШ доллар акча каражатын талап калышкан.

Мындан сырткары, мурда алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон Т.Т. тарабынан жабырлануучуга психологиялык кысым көрсөтүлгөнү катталды.

Ал эми К.И.А. УКМК төрагасынын жээни, ошондой эле мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өкүл баласы жана жаңы прокурор Максат Асаналиевдин тууганы экенин, сотторго таасир эте аларын айтып, күйөөсүн бошотуу мүмкүн экенине ынандыруу үчүн колдон келген аракетин жасаган.

Бул жарандар 27-июнда акчанын бир бөлүгүн алгандан кийин кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

 

549