7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара: Тажикстандын 200гө жакын жаранын Кыргызстан киргизбей койду

895

Душанбе шаарынан “Манас” аэропортуна учуп келген тажикстандын жарандары Бишкек шаарына өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Манас эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 25-май күнү саат 23:11де Манас аэропортуна «Сомон Эйр» тажик авиакомпаниясынын чартердик каттамы келип конгон. Аталган учактын бортунда 186 жүргүнчү болгон, анын ичинен 9 жаран башка мамлекеттин жарандары. Ал эми 177 жүргүнчүсү Тажикстандын жарандары болгон.

Тажикстандын жарандары үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүгө транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөргө байланыштуу, КР Чек ара кызматы тажик жарандарын кабыл алуудан баш тарткан. Үчүнчү өлкөнүн 9 жараны каттоодон өтүп, Бишкекте калган.

Белгилей кетсек, буга чейин 21-майда Кыргыз өлкөсү Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапканы кабарланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

896