7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Денесине оор залал келтирген: Сокулукта тоноочулукка шектүүлөр кармалды

814

Сокулукта тоноочулукка шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-декабрда Сокулук районунун ИИБүнө 1977-жылы туулган Ж.К. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында болжол менен саат 22:00 чамаларында Жал айылындагы дүкөндөрдүн биринин жанынан белгисиз бирөөлөр анын денесине залал кетирип, 10 миң сомдон жогору турган телефонун тартып алышып, из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам иликтөөнүн алкагында кылмышка шектелип, 1985-жылы туулган А.Э. жана 1980-жылы туулган Т.А. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

815