7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда асынып каза болгон келин себебин катка жазып кеткен

898

Токтогулда 25 жаштагы келин өзүнүн жашаган үйүнүн короосунда асынып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда саат 16:00 чамасында Токтогул районунда 1997-жылы туулган С.С. өзүнүн жашаган үйүнүн короосунда жайгашкан мал сарайынын ичинде жипке асынып алган жансыз денеси табылган.

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, анын денесинде шектүү криминалдык жаракаттары жана белгилери жок экендиги аныкталган.

Бул факты Токтогул РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөл. (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен сотко чейинки өндүрүшү башталган.

С.С. каза болушуна эмне себеп болгондугун аныктоо максатында сотко чейинки өндүрүшү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле, окуя болгон жерге кароо жүргүзүү мезгилинде С.С.тин жолдошу 1991-жылы туулган А.З.га таандык болгон уюлдук телефон алынып, ичине кароо жүргүзүү учурунда, “Ватсап” тиркемеси аркылуу жазышууларында С.С.тин өлүмүнүн алдында чакмак тетрадынын барагына жазылган каты жөнөтүлгөн. Ал катта ушул нерсеге барышынын себеби катары жолдошу А.З. жана дагы Н. аттуу жеңесин күнөөлөп, алар аны кемсинтип келишкенин көрсөткөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча мыйзам чегинде тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

899