7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Кафенин официантын сабаган жарандын Ташиевге эч кандай тиешеси жок

1239
Бүгүн, бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында «Ташиевдин тууганы кафенин официантын сабап салды» -деген маалымат тараган.
Анда 17-августтан 18ине караган түнү Жалал-Абад шаарындагы «Достук» кафесинин официантынын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен жаран УКМК төрагасынын тууганы экендиги айтылган.
УКМКнын басма сөз кызматы аталган жаңжалды уюштурган адам УКМКнын төрагасы К.К.Ташиевдин тууганы эмес экенин жана ага эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт.
Анда, «ушул өңүттөгү маалыматтар  УКМКнын төрагасынын атын каралоо жана анын аброюна шек келтирүү максатында болууда»- деп жазылат.
Ошондой эле УКМК төрагасы жогорудагы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн жергиликтүү ички иштер органдарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырган.
Расмий маалыматта, УКМК же  төрагасы К.К.Ташиевдин атын колдонуп, ар түрдүү мыйзамсыз иштерге баргандарга кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы эскертилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1240