7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

WhatsApp мессенджери аркылуу айдоочуларга жалган маалымат тарап жатканы айтылды

600

WhatsApp мессенджери аркылуу айдоочулар арасында жаңы мыйзамдар тууралуу жалган маалымат тарап жатат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, белгисиз адам айдоочуларга жанында ишеним кагазын алып жүрүп, унаанын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүгө чакырууда. Анын айтымында, милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, унааларды айып короого киргизип, «мыйзам бузгандарга» чара көрөт.

Ушул жылы 1-декабрдан тарта Укук бузуулар тууралуу кодекс күчүнө кирет. 193-беренеге ылайык, унааны мас абалда башкаргандарга 17 миң 500 сом айып салынып же 30 саатттан 40 саатка чейин коомдук жумушка тартылат. Мындан тышкары кодекске кошумча өзгөртүүлөр киргизилди.

«Аудио билдирүүдө айтылгандар чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.

Башкармалык жарандарды жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601