Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 13 жаштагы Медина Жумагазиева издөө салынды. Ал 22-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилери: бою 159 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы узун,кара көзүнүн түсү күрөң, бетинде сепкилдер бар.
Кийген кийими: кара түстөгү куртка, кара жынсы шым, бутунда кара бут кийим кийип жүргөн.
Кимде-ким өспүрүм кыз жөнүндө маалымат билген болсо, төмөнкү байланыш номерлерине чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 61 69 07, 0703 17 17 75 .