7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл облусунда жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

396

Ысык-Көл облусунда жол оңдоо иштери кызуу уланып, жол боюна аялдамалар орнотулууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдирди.

Турбаза-Ананьево-Көк-Дөбө унаа жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Титулдук тизменин планына ылайык 3 км жол жасалат. Бүгүнкү күнгө карата 1,5 км жолго асфальт төшөлүп бүттү. Жол оңдоо иштери №7 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Ал эми Корумду айылындагы Үсейин Мамлеталиев жолуна 900 метр асфальт төшөө үчүн жолдун негизи даярдалды. Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолунда жол оңдоо иштери кызуу жүрүп, 6,1 км жолго асфальт төшөлүп бүттү. Калганы аз убакыттын ичинде ишке берилиши күтүлдүүдө.

Белгилей кетсек, Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолунун боюнда аялдамалар орнотулуп жатат.

397