7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө жашыруун иштеп жүргөн чет элдик майнинг-ферманын иши УКМК тарабынан токтотулду

819

2021-жылдын 1-июнунда  УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Ысык-Көл облусундагы майнинг-фермасынын (криптовалюта өндүрүшүнүн) Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирдиги боюнча мыйзамсыз иши аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

«Курментицемент» ААК Цемент заводунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет элдик жарандарга таандык ири майнинг-фермасынын ишмердүүлүгү аныкталды.  «Күрмөнтцемент» ААК майнинг-фермасынын ишмердүүлүгүн электр жана суу менен камсыздоону мыйзамсыз жүргүзүп келген.

Бул факт улуттук коопсуздук органынын сотко чейинки өндүрүштүк материалдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кылмыш ишинин алкагында майнинг-фермасынын ишмердүүлүгү боюнча 2000 жакын жабдуу алынды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Майнинг ферма— бул биткойндерди же башка крипто-валюталарды карап туруу үчүн техникалык жактан жабдылган бүтүндөй маалымат борбору, компьютерлер жана серверлер көп болгон жай.
Техникалар тыңымсыз жогорку ылдамдыкта иштегендиктен чоң көлөмдөгү электр энергиясын талап кылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

820