Бишкек – Ош унаа жолунун 84-чакырымында Жайыл районунда МАN жана «Мерседес-Бенц Гигант» оор жүк ташуучу унаалар сүзүштү. Анын кесепетинен унаанын биринин айдоочусу каза болду. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.
«Кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы С.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам — С.А., Ш. уулу Т., А.У. К.Б. жабыркаган. Анын бири 15 жаштагы өспүрүм», деп айтылат маалыматта.
Жерине куткаруучулар тартылып маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.