7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүргүнчүлөр ыргып кеткен… №135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды

870

Бишкекте жол кырсыгына кабылып, жүргүнчүлөрү жабыркаган маршрутканын айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Хюндай Соната  үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол чырактын кызыл белгисинен өтүп бара жатып сүзүшкөн. Катуу соккудан кичи автобустун каптал терезеси учуп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, так медициналык корутунду алуу үчүн учурда экспертиза жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу №07-582 АВО мамлекеттик номурлуу кичи автобустун айдоочусу М.Омор уулу кызматынан бошотулуп, жагдайлар такталганга чейин унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

871