Бишкекте жол кырсыгына кабылып, жүргүнчүлөрү жабыркаган маршрутканын айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Хюндай Соната үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол чырактын кызыл белгисинен өтүп бара жатып сүзүшкөн. Катуу соккудан кичи автобустун каптал терезеси учуп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, так медициналык корутунду алуу үчүн учурда экспертиза жүргүзүлүүдө.
Буга байланыштуу №07-582 АВО мамлекеттик номурлуу кичи автобустун айдоочусу М.Омор уулу кызматынан бошотулуп, жагдайлар такталганга чейин унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.