7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жансыз денеси көпүрөнүн алдынан табылган. Аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

891

Адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-апрелде болжол менен саат 14:10 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Ж.Жолундагы Аламүдүн суусунун көпүрөсүнүн алдында аял кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда окуя болгон жерде азият түспөлүндөгү болжол менен жашы 40-45 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү жаран окуя болгон жерден качып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.С аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотке чейинки өндүрүшкө алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

892