7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаровду Душанбеден Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды

614
Кечээ, 28-июнда Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасынын борбору – Душанбе шаарына барды.
Мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.
Расмий сапардын алкагында Жапаров Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулашат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
  • — тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
  • — Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • — Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустөмбеков;
  • — транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • — өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
  • — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • — Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;
  • — Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;
  • — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

615