7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаровдун штабы Төрөкан Жунусбеков менен Мелис Аспековдун үстүнөн арыз жазды

243


Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Төрөкан Жунусбеков менен Мелис Аспековдун үстүнөн арыз менен БШКга кайрылды. Билдирүүнүн көчүрмөсү социалдык тармактарда тараган, ал эми БШКнын басма сөз кызматы мындай билдирүү келип түшкөнүн тастыктады.


Арыз 23-декабрда берилген. Мощин өз билдирүүсүндө Жунусбеков менен Аспеков Жапаровдун шайлоо штабынын кызматкерлери эмес экендигин, эч ким аларга талапкердин атынан чыгып сүйлөөгө жана анын үгүт материалдарын колдонууга уруксат бербегенин эскертти. Ошону менен катар Мощин алар Жапаровдун үгүт өнөктүгүн жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатышканын белгилеген.


«Мелис Аспеков жана Төрөкан Жунусбеков өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сапар Нуркожоевич Жапаров жөнүндө терс пикир жаратып, ошону менен шайлоо өнөктүгүнө тоскоол болуп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.


Ушундай эле таризде Садыр Жапаровдун штабынын өкүлү Мощин укук коргоо органдарына да кайрылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

244