7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Саат 16:00гө карата элдин 18,66%ы гана добуш берген

309

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо республика боюнча саат 16:00гө карата шайлоочулардын 18,66%ы добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.

Койчукеевдин айтымында, ушул саатка карата жалпы 771 миң 767 жаран шайлоого катышып, шаардык кеңештерге салыштырмалуу, айылдык кеңештерге добуш берүүдө активдүүлүк байкалууда.

“БШКнын саат 16.00гө карата маалыматы боюнча шаардык кеңештерге шайлоого 266 миң 757 жаран катышып, шайлоочулардын 16,46 пайызын, ал эми айылдык кеңештерге 505 миң 10 жаран добуш берип, шайлоочулардын 20,08 пайызын түздү. Аралыктан 4 миң 270 жаран добуш берип, катталгандардын 47,18 пайызын түздү”, — деди ал.

БШКнын маалыматына таянсак, шаардык кеңештерге добуш берүүдө Сүлүктү шаары активдүүлүгүн көрсөтүп, 35,89 пайызды түзсө, эң төмөнкү көрсөткүч Өзгөн шаарында болууда. 16:00гө карата аталган шаарда шайлоочулардын добуш берүүсү 10 пайызга жете элек.

БШК жарандарды шайлоого активдүү катышып, жарандык милдеттерин аткарууга чакырат.

310