7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү кеңештин депутаты Тажикстандан Өзбекстанга банги зат каналын түзүп алганы аныкталды

3306

Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты «О.М.Б.», баңги заттарды сатуу үчүн Тажикстан Республикасынан Өзбекстан Республикасынын аймагына Кыргызстан Республикасыны аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-июнунда Баткен областынын Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө, Өзбекстан Республикасынын аймагына өткөрүү максатында баңги заттардын башка партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен «О.М.Б.» кармалган.

Жашаган жерине тинтүү жүргөн учурда  9 кг ашык чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 курал (уруксаты жок), 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 мнң сом акча каражаттары табылган.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси боюнча КР жарандары «О.М.Б.», «О.К.М.» жана «О.К.А.» кармалып Баткен шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен аталган баңги каналынын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3307