7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөө башталды

480

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөө башталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Дрон менен байкоо жүргүзүү программасы атайын тесттик режимде жол кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмү менен коштолгон оор кесепеттерди кыскартуу максатында ишке кирүүдө.

«Бишкек —Нарын — Торугарт жолунда акыркы учурда жол кырсыктары көп болгонуна байланыштуу дрон учуруп, байкоо жүргүзүү менен иш алып баруу башталды», — деп берилет маалыматта.

Дрондор Ысык-Көл, Нарын тарапка кеткен айланма жолдо учуп, каршы тилкеге чыккандарды, катуу айдагандарды тартып алууда.

Эреже бузгандарга протоколду дрон учкан жерден бир-эки чакырым аралыкта турган Кайгуул милициясынын кызматкерлери жазып берет.

481