Жоламан Шаршенбеков 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Баласаруу айылында туулган.
- Атасы Назарбек Рысалиев — ишкер, апасы Гүлнара Жуманалиева — мугалим, Жоламан беш бир туугандын үчүнчүсү.
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетин аяктаган. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.
- Бою 161 см, салмагы 55 кг.
- Жеке машыктыруучусу – КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, 87 жаштагы Хаким Махмудов.
Спорттук жетишкендиктери:
• Кыргызстандын төрт жолку чемпиону;
• Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Индия, 2015);
• Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси (Тайбэй, 2016);
• Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Грузия, 2017);
• Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2017);
• Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Финляндия, 2017);
• Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2018)
• Дүйнө кубогунун ээси (2020)
• Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (Сербия, 2022, 2023)
• Азиянын үч жолку чемпиону (2022-2023-2024-ж.ж.).