7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгалда айылдашынын 9 баш малын уурдаган шектүү кармалды

676

Жумгалда айылдашынын 9 баш малын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-апрель күнү Жумгал райондук милициясына мал уурулук боюнча арыз келип түшкөн. Анда 30-март күнү саат 01:00дөр чамасында Жумгал районунун Чаек айылынын 59 жаштагы К.К. аттуу тургунунун 9 баш (кой, козу, эчки) малы уурдалганы жазылган.

Аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөө амалдары жүргүзүлө башталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурда сот жообуна тартылган Жумгал районунун Чаек айылынын 33 жаштагы А.Т. аттуу тургуну шектүү катары кармалган.

«Учурда шектүүнүн башка дагы кылмыштарга катыштыгын боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынды». — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677