7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ менен 7 жылдык кызматташууга кол коюшту

514

Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2024-2030-жылдарга 7 жылдык кызматташуу стратегиясына кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

“Бүгүн маанилүү окуя болуп өттү: Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУ 2030-жылга чейинки биринчи 7 жылдык өлкөлүк кызматташуу стратегиясына кол коюшту. Кол коюу аземине ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору д-р Hans Henri P. Kluge, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү д-р Ливиу Ведраско жана Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Салтанаттын жүрүшүндө жаңы стратегиянын артыкчылыктары, саламаттык сактоо тармагындагы Кыргызстандын акыркы жетишкендиктери жана ДССУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды” – деп айтылат маалыматта.

Жаңы стратегия үч стратегиялык багытты жана жети артыкчылыктуу тармакты өзүнө камтыйт.

515