7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК тыюу салынган экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн үйүнө тинтүү жүргүздү

488

«Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрү жашаган даректерде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирет.

76 материал табылып, 51 китеп, 10 жарнамалык журнал, 2 телефон, 3 DVD диск, 3 кассета жана 5 флеш-карта алынды.

Табылган китептердин айрымдары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымына таандык. Алынган предметтер Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгы боюнча «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнө карата Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөт.

Аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн бири А.А. «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, мындан ары аталган уюмга мүчөлүктөн өз ыктыяры менен баш тартты.

489