7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну. Акылбек Жапаров курама команданы Астанага узатты

496

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарында 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземине катышты.

“Бүгүн биз спортчуларыбызды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына — дүйнө элдеринин салттарын, маданиятын жана спорттук демин бириктирген иш-чарага узатып жатабыз. Бул оюндар дүйнөгө рухтун күчүн, биримдикти жана тарыхый тамырларды сыйлоону көрсөтүү үчүн салт менен заманбаптык жолугушкан уникалдуу аянтча болуп саналат. Ушул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу уюштурган биз экенибизди сыймыктануу менен айткым келет. Футболдун мекени Англия, хоккейдин мекени Канада деп ошол өлкөлөрдүн жарандары дайыма сыймыктануу менен айтышат жана дагы кылымдар бою мындай сыймыктануу улана берет. Биз дагы көчмөндөр оюндарынын автору катары сыймыктансак болот”, — деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы курама команданын капитаны балбан Бактияр Мирлан уулуна мамлекеттик тууну тапшырып, спортчуларга ийгилик каалады.

497