7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айболот Айдосов: Көчмөндөр оюну кыргыздардын духун көтөрдү, ошондон пайдаланыш керек

475

Саясат таануучу Айболот Айдосов: Астанадагы Бешинчи дүйнөлүк көчмөндөр уюмунун ачылышында казак президент Касым-Жомарт Токаев бул оюндардын пайда болушунда жана алардын жандандырылышында Кыргызстандын мааниси зор деп баса белгиледи. Оюн алдында анын катышуучулары эл алдында өткөндө кыргыз спортчуларына артыкчылык берилип, алар биринчи өттү – ар бир Олимп оюндарынын ачылышында дагы биринчи болуп грек спортчулары өтөт, анткени байыркы Олимпиаданы ошолор жанданткан.

Байыркы көчмөндөр оюндарын Кыргызстан жандантып, бүткүл дүйнөгө аты чыкты жана кыргыздар дүйнө баалуулуктарын байытканына баардык мамлекеттер суктанууда, кыргыз элинин болсо духу көтөрүлдү, аны менен сыймыктанса болот. Эми ошол көтөрүңкү маанайдан пайдаланып, Кыргызстан спорт менен маданиятта гана эмес, экономика менен саясатта дагы туруктуу өнүгүү жолуна түшсө, дүйнөнү андан бетер таң калтырышы мүмкүн.
https://youtu.be/amD3czCVGF8

476