7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эстафета Кыргызстанга өттү. Астанада көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды

541

13-сентябрда Астана шаарында V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды.

Иш-чаранын алкагында Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрүү эстафетасы кайрадан Кыргызстанга берилди. Казакстандын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов көкөрдөгү мөңгү суусун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго тапшырды.

Бул жолку оюндар Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрь күндөрү өтүп, ага 89 өлкөдөн келген 2500дөн ашык спортчу спорттун 21 түрүнөн күч сынашты. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 183 спортчу 18 спорттун түрүнөн катышып, жалпы командалык эсепте 65 медаль (19 алтын, 21 күмүш жана 25 коло) менен 2-орунду ээледи.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул Кыргызстандын ири долбоору. Ал 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өтүп, 2020 жана 2021-жылдары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырып, 2022-жылы Түркия мамлекетинде өткөн.

Көчмөндөр оюндарында спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин негизин байыркы көчмөн элдердин оюндары түзөт.
2021-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

542