Ырчы Расул кызы Айгерим атасы Расул Маматкуловдун ден соолугу жакшы болуп калганын айтып, видео менен бөлүштү.
«Кудайга шүгүр азыр атам жакшы! Атамдын ден соолугуна кам көргөн инсандарга ыраазычылык билдиребиз! Ата-энем өмүр бою жашоонун таттуусунда, ачуусунда да бирге! Бир ай мурун атам Ошко учуп барып, кан басымы көтөрүлүп, ишемичный инсульт алып, оор абалда бейтапканага түшкөн. Ошол замат апам борбордон учуп келип, атамды вертолёт менен Бишкекке алып жөнөгөн. Чындыгында апамдын курчтугуна, кыйындыгына суктандым… Негизи ошол бейтапканада деле даарылансак болмок, бирок апам кооптонуп, атамды дайыма көзөмөлдөп турган. Өзүнүн даарыгерлерине жеткиргиси келди. Айтайын дегеним адамзат үчүн турмуштун ысыгында, суугунда кандай кырдаал болбосун өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон ушундай түгөйүң бар болгону кандай бакыт! Эч кимдин ата-энеси оорубасын. Азыр шүгүр баары жакшы»,- деген ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram