7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров бүтүндөй өлкө боюнча социалдык объектилердин ачылышына катышты

380

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бүтүндөй республика боюнча социалдык объектилерди онлайн-ишке киргизүү салтанатына катышты.

Алай районунун Талды-Суу айылында заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди, ал жергиликтүү тургундардын, өзгөчө жаштардын дене тарбия жана спортту өнүктүрүү борборуна айланат. Долбоордун жалпы наркы 23,8 млн сомду түздү, анын 5 млн республикалык бюджеттен, ал эми 18,8 млн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Кара-Кулжа районунда 275 окуучуга ылайыкталган Кебек Мамаев атындагы орто мектеп ачылды. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 146,8 млн сом бөлүнгөн, ал эми долбоордун жалпы сметалык наркы 175,1 млн сомду түзгөн. Муну менен катар Ноокат районунун Үч-Бай айылында 275 орундуу мектеп ачылды. Ал толугу менен республикалык бюджеттен каржыланып, долбоордун наркы 117,9 млн сомду түздү.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 60 орундуу заманбап оорукана ачылды. Эки кабаттуу имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 110 млн сом бөлүнгөн. 900 чарчы метрлик жаңы медициналык мекемеге терапия, төрөт, гинекология жана балдар бөлүмдөрү кирет. Оорукана бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап жабдуулар менен жабдылган. Ооган-Талаа айылынын жана анын айланасындагы 8 500дөн ашуун тургундарга бул оорукананын ачылышы жашаган жерине жакын жерде сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет.

Республика боюнча жалпысынан 15 объекттин ачылышы болду, алардын арасында балдарга билим берүү мекемелери, мектептер, парк зонасы, Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Калкты тейлөө борбору, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы темир-бетон таянычтарын чыгаруу боюнча ишкана бар. Президент Садыр Жапаров бул долбоорлор билим берүү жана спортко жеткиликтүүлүктү жакшыртууга гана эмес, аймактарды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө да багытталганын баса белгиледи.

381