Кыргызстанда 2026-жылдын аягына чейин 47 өнөр жай ишканасын ачуу пландалууда.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы буга чейин 71 ишкана ишке кирип, 1 миллиард 891,8 доллар инвестиция тартылган. Өнөр жай өндүрүшү январь-октябрь айларында 770,9 миллиард сомду түзүп, 5,2%га өскөн.



