7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Берлинде өткөн сууга сүзүү боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 7 күмүш утту

852

Берлин шаарында параолимпиадалык спортчулар арасындагы сууга сүзүү боюнча  “World Para Swimming Series Berlin 2022” аттуу эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-мартынан 3-апрелине чейин Берлин шаарында өткөн эл аралык мелдеште Надежда Рак, Дастан Камчыбеков, Жалалдин Абдувалиев жана Жоомарт кызы Айтунук аттуу кыргызстандык спортчулар жалпысынан ар кайсы аралыкка сүзүү боюнча 14 медалга ээ болушту. Анын ичинде 2 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медалдар бар.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кызматкерлери кыргызстандык спортчуларды мелдеште колдоп, аларга мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жеңүүлөрдү каалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

853