7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда селден жабыркаган 4 үй-бүлөгө 200 миң сомдон берилет

423

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында жайгашкан Кезарт сайындагы жагдайдан кабар алды.

25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам аталган сайда сел жүрүп, Кара-Суу дарыясын тосуп калган. Натыйжада айылды сел каптап, турак жайлар жабыркаган. Көпүрөлөр кулап калуу коркунучуна кептелип, инфраструктарлык курулмалар зыянга учураган.

Шакиев селден кесепеттери менен таанышып чыгып, Ийри-Булуң, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айылдарынын тургундары менен баарлашты. Төрага селден олуттуу зыянга учураган 4 турак үйдүн ээсине өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сомдон бөлүп берерин билдирди.

Жолугушууда бир катар социалдык маселелер көтөрүлүп, оорукана куруу, тез жардам унаасын бөлүү жана өрт өчүргүч кызматын ачуу өңдүү талаптар айтылды. Айрыкча сел жана жер көчкү коркунучтарын азайтуу максатында токой аянттарын кеңейтүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Тургундар селдин кесепетин ыкчамдатып жоюуга көрсөткөн көмөгү үчүн ӨКМге ыраазычылыктарын айтышты.

Ал эми төрага көтөрүлгөн ар бир маселени эске аларын, анын ичинен тез жардам унаасын жакынкы аралыкта чечип берүү аракетин көрөрүн кошумчалады.

 

424