1-ноябрда Бишкекте Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине байланыштуу парад, кечинде майрамдык концерт болот.
Парад УТРКнын телеканалында онлайн режиминде көрсөтүлөт жана бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат. Кечки концерттик программада ички иштер органдарынын кызматкерлеринин «Ыр Кесе» музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары болушат.
Концерт саат 18.00 дө башталат.