7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асел Кадырбекова: «Башында бетимди, денемди көрүп, болгон жашымды төктүм…»

1595

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыктан кийин калган денесиндеги тактарды көрсөтүп, бул тактарды көргөндө шүгүр айтарын, ошондой эле азыркы абалына, жашоосуна ыраазы экендигин жазды.

“Кырсыктан кийинки тактар.Башында бетимди, денемди көрүп, болгон жашымды төктүм. Бирок убакыт өттү, чачым өстү, бетим да өз калыбына келди, көзүмдүн көрүүсүн жакшырттык, денемдеги көк ала тактар да 1 жыл дегенде тарады, эс тутумум толук келбесе да, маанилүү учурларды эстедим. Бирок кээ бир нерселерди жараткан унутуп калбасын деп эстетип туруу үчүн түбөлүккө “шрам” кылып калтырат окшойт. Аялзаты үчүн албетте, келбет эң маанилүү. Бирок негизги нерсе эмес экенин унутпаңыз! Жер жүзүндө миллиарддаган адамдардын ар биринде ар кандай келбет, кемчиликтер, түрдүү жагдайлар, ар кандай жашоо-шарт бар.
Айланабыздагы жашоо-шарт, биздин көрүнүшүбүз алдыга умтулуубузга, бийиктиктерди багынтуубузга, өзүбүздү кандай болсок ошондой сүйүүбүзгө таасирин тийгизбеши керек. Шүгүр! Тирүүлүк өзү ырахат. Мисалы, мен үчүн бул тактар күн сайын «ошол убакытты унутпа» дегендей көзүмө көрүнөт жана ушул такты көрүп, азыркы күндөрүмө, азыркы абалыма, азыркы жашоомо ыраазы болуп шүгүр деп күндө айтам”,- деген билдирүү калтырган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1596