7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ата-энесин бакпай койгондорду жазалоо боюнча мыйзам үчүнчү окуудан кабыл алынды

394

Жогорку Кеңеште ата-энесин кароосуз калтыргандарды жоопко тартууну сунуштаган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзамга ылайык, эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энени балдары багууга милдеттендирилген. Ал эми бакпай койсо атайын органдар же ата-эне өзү сотко кайрыла алары айтылат.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык жактан тейлөө органы каржылык жардамга муктаж болгон, мамлекеттик камсыздоодо турган жана өзүн-өзү камсыздоодо калган ата-энелерге жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдарынан алимент өндүрүү жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу», — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Ал эми алиментти төлөөдөн качып, бир жылдан ашык акча бербей койгон балдарга 20 миң сом айып салынып, ал тургай жасаган жоругуна жараша үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ата-энелик милдеттен баш тарткандардын жана бул укуктан ажыратылгандардын балдары алимент төлөөдөн бошотулат.

 

395