7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Бакетаев: «Жашыл экономиканы» Кыргызстанда өнүктүрүүгө өнүккөн мамлекеттер милдеттүү десе да болот

448

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев: Акыркы күндөрү бир нече олуттуу эл аралык окуя болду – президент Садыр Жапаров Борбор Азиялык башка жумурияттардын жетекчилери менен бирге Астана шаарында 17-сентябрда Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолукту, ал эми жекшемби, 22-сентябрда, Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өткөн «Келечек саммитине» катышып, анда сөз сүйлөдү.

Ушул сыяктуу ар башка деңгээлдеги эл аралык жолугушууларда президент Жапаров такай «жашыл экономика» менен байланышкан маселелерди көтөрөт, анткени дүйнөлүк экологияга тийген зыянга Кыргызстандын салымы дээрлик жокко эсе. Экологияны эң өнүккөн мамлекеттердин аракеттери бузган, ошондуктан Кыргызстанда «жашыл экономиканы» өнүктүрүү үчүн насыяларды жеңилдетилген тартипте берип, алдыңкы технологиялар менен бөлүшүү сыяктуу аракет кылууга ошол өнүккөн өлкөлөр милдеттүү десе да болот…
https://youtu.be/Xm9zaUFAc6M

449