7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баракелде! Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо утту

633

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Азиялык квалификациялык мелдешинин жыйынтыгы менен Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия утту.

Кыргызстандык спортчу жарым финалдык беттеште өзбекстандык Набира Эсенбаева менен күч сынашып, жыйынтыгында 7:2 эсебинде жеңишти камсыздай алды.

Буга чейин казакстандык Елена Шалыгинаны (6:2 «туше») жана индиялык Ниша Нишаны (9:1 «туше») артта калтырып, кийинки баскычта Түндүк Корея өлкөсүнөн келген Сол Гум Пак аттуу спортчуга 6:2 эсебинде жеңилип калган. Бирок өз тайпасында биринчи орунду ээлегендиги үчүн жарым финалга чыккан.

Эске салсак, 68 кг чейинки салмакта беттештер айлампа түрүндө «А» жана «Б» тайпасында болуп өтүп, ар бир катышуучу үч беттеш өткөрдү. Өз тайпасында 1-2 орунду алгандар жарым финалга чыгып, жолдомо үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

634