7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 3 унаа кагышып, 11 адам жабыркады

782

Бишкекте ири жол кырсыктан 11 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-майда саат 16:20лар чамасында Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагылышкан, “DАF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа, “Honda Fit” жана “Mercedes-Benz Sprinter” жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Учурда кырсыктан жабыркагандардын саны 11ге жетти. Окуя катталган жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаанын ичинде кыпчылып калган аялды чыгарышкан жана жабыркаган жарандарга биринчи тез жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783