Чүйдө жасалма номур тагып, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуга 40 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Жол тескөөчүлөр Чүй облусунун аймагын текшерүү учурунда «Мазда» үлгүсүндөгү авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатып айдап жүргөндүгүн көрүшкөн. Авто унааны токтотуп текшерүү учурунда мамлекеттик номуру жасалама экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча ыкчам тергөө тобун чыкырып, эвакуатор менен унааны айып короо жайына алып келишкен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram