7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чегиртке күч алып, 133 миң гектар жер коркунучта!

646

Үстүбүздөгү жылы 133 миң гектар аянтка чегиртке жайылып, эгин талааларын жалмап кетиши мүмкүн. Бул боюнча Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Алакунов коңгуроо какты.

Ал «Биринчи радиодого» маек берип жатып, өлкөдө чегирткенин 50 түрү бар экенин жана алардын ичинен “италия” менен “марокко” аталышындагы түрлөрү көп төлдөп, өзгөчө коопту болоорун белгиледи.

“Чегирткенин жапырт каптоосу 8-12 жылда күч алып, басаңдап турат. Былтыртан бери жаңы толкуну башталды. Быйыл 133 миң гектар жерди чегиртке капташы мүмкүн”, — деди Алакунов.

Ал ошондой эле учурда Базар-Коргон, Ноокен, Сузак жана Араван райондорунун 4 100 гектар жеринде зыянкечтер аныкталып, аларга каршы тийиштүү иштер жасалып жатканын кошумчалады.

647