Саат 10:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ок атышууну токтотуу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин колбашчысы Раджабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушуу уюштуруу үчүн саат 10:00дөн баштап ок атышпоо келишими түзүлдү.
«Бирок, тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат. Чек ара кызматынан белгилешкендей, саат 8:30дан баштап УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок 8:30да да, 10:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес»,-деп берилет маалыматта.