7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гипермаркеттен акча уурдаган шектүү кармалды

566

Бишкек шаарындагы гипермаркеттердин биринде, кассадан 45 миң 838 сом акча каражатын уурдаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-октябрда Октябрь РИИБге А.А. аттуу жаран ушул жылдын 14-октябрында саат 16:20 чамасында Юнусалиев көчөсүндөгү гипермаркеттердин биринде, кассадан 45 миң 838 сом суммадагы акча каражатын жашыруун түрүндө уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголду. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган Н.Т. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 2 айга камакка алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

567