7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: 155 млн сомдон ашуун бааланган баңгизат алынып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

709

155 млн 545 миң сомго бааланган баңгизат алынып, эл аралык баңги каналынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, трансулуттук баңги тобунун ишмердүүлүгүн жоюу боюнча биргелешкен атайын операция Кыргызстандын жана Казакстандын аймагында жарым жыл бою жүргүзүлгөн.

Укук коргоо органдары 2021-жылдын ноябрынан 2022-жылдын апрелине чейин республиканын аймагында баңги жана психотроптук заттардын ири партияларын даярдоого, контрабандага жана сатууга тиешеси бар туруктуу баңги топторун жоюуга багытталган биргелешкен эл аралык операцияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында Казакстандын төрт С.Е.Д., А.Р.М., Б.К.Т., жана М.Б.С. аттуу жарандары жана Кыргыз Республикасынын үч Л.Д.В., И.К.А., А.Г.Т. аттуу жарандары аныкталып, кармалды.

«Биргелешкен эл аралык операцияларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү боюнча 2 нарколабория аныкталып жоюлду.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн 31 кг 265 грамм баңгизаттар, атап айтканда Альфа PVP — 19,5 кг, мефедрон 6 кг, гашиш 5 кг, марихуана 765 гр, баңги каналынын көмөкчүлөрү жана уюштуруучулары кармалды»,-деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, баңгизаттарды сатуудан болжолдуу баасы 155 миллион 545 миң сомду түздү, бул 1 миллион 808 миң 662 АКШ долларын түзөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710