13-ноябрь күнү, социалдык тармактарда “Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина жана Данияр Чолпонбаев аттуу адам менен сүйлөшүүнүн аудиожазуусу пайда болгон.
Анда, алар 17-ноябрь күнү өтө турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо учурунда, добушту сатып алуу маселелерин талкуулашкан.
Аталган факт боюнча Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан , Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө жана ыкчам-чараларынын жүрүшүндө, Т.Р., аттуу жаран, «Социал-демократтар» саясий партиясынын расмий өкүлү – ишенимдүү адамы болуу менен шайлоо алдындагы штабдын координатору К. И., менен макулдашып, ар бир добуш үчүн 1 000 сомдон берүү шарты менен шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашыргандыгы аныкталган.
Көрсөтүлгөн жагдайлар «Социал-демократтар» саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабын тинтүүнүн натыйжасында алынган, анын жүрүшүндө Т.Р., аттуу жаран шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн 15 000 сомдон 30 000 сомго чейинки акча каражатын 40тан ашык адамга бөлүштүрүү жөнүндө тизмеси жана процессуалдык тартипте алынган 28 300 сом суммадагы акча каражатын жок кылууга аракет кылган.
Аталган кылмыш ишинин алкагында, Т.Р., жана К. И. шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө иштери улантылууда.