«Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркындагы 120 гектар жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
2014-жылы сынак комиссиясы 49 жылга жер берүүдө (66 лот ) бир катар мыйзамдар одоно бузулганы, сынактын катышуучулары уюштуруучулар менен аффилирленгендиги, жерди узак мөөнөттүү ижараны берүүдө сыноо мөөнөттөрүн сактабагандыгы аныкталган.
Натыйжада болжолдуу баасы 120 миллион сомдон ашык болгон жер жана тилкелер мамлекеттин балансына өттү.