Seoul Smart City Prize — бул шаарларда жашоонун сапатын жакшыртууга багытталган инновациялык технологияларды илгерилетүүнүн дүйнөдөгү алдыңкы платформалардын бири. Сыйлык кыйынчылыкка туш болгон адамдардын жашоо шартын жакшыртууну камтыган инклюзивдүү акылдуу шаар моделин түзүүгө багытталган. Сынактын уюштуруучулар, WeGO ассоциациясы жана Сеул шаарынын өкмөтү, акылдуу шаар адамга жана технологияга багытталышы керек экенин, жөн гана технологияларды өнүктүрүүгө көңүл буруунун актуалдуулугун белгилешет.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Enactus командасы тарабынан даярдалган «Taптык» долбоору Түштүк Кореяда өткөн Seoul Smart City Prize эл аралык конкурсуна катышып, «Human CentriCity» номинациясында баш байгени багындырды.
Бул жылы конкурска 160 өлкөдөн катышуучулар ат салышкан, иш чарага дүйнѳнүн ири шаарларынын мэрлери, эксперттер жана ошону менен бирге Сеул шаарынын мэри дагы катышты. Сынакта жалпы жонун 360 команда өттүп, ал эми финалда 16 мыкты долбоор өзүнүн инновациялык чечимдерин эл аралык аренада көрсөттү.
Сынакка Сербия, Филиппин, Бразилия, Испания, Финляндия, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Португалия, Малайзия, Тайвань, Иран, Танзания жана Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү катышып, шаарларда жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык жана технологиялык чечимдерин сунушташты. Кыргызстандын атынан барган КМТУнун Enactus командасы Human CentriCity категориясында 15 өлкөнүн ичинен жеңүүчү деп табылды. КМТУнун Энактас командасы бул эл аралык сынакта өлкө намысын татыктуу коргоп, инновациялык долбоорун ийгиликтүү көрсөтүп, Кыргызстандын жетишкендиктерин дүйнөлүк аренада даңазалай алды.
«Таптык» долбоору көзү азиз жана начар көргөн адамдарга жардам берүү максатында иштелип чыккан инновациялык үн картасы болуп саналат. Ал музейлер, китепканалар жана мамлекеттик мекемелер сыяктуу коомдук жайларга орнотууга ылайыкталып, шаардык чөйрөдө багытты оңой жана жеткиликтүү түшүнүүгө жардам берет. Долбоордун социалдык мааниси жана технологиялык жаңычылдыгы калыстар тобун таасирлентип, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган номинацияда жеңишке жетишине шарт түздү.
Белгилей кетсек, долбоор КМТУнун Enactus командасынын академиялык жетекчилери М.А. Мырзалиева жана А.К. Султанова тарабынан иштелип чыккан. Бул жеңиш КМТУнун студенттеринин жогорку даярдык деңгээлин айкындап, университеттин Кыргызстандагы жана эл аралык аренадагы алдыңкы билим берүү жана инновациялык мекемелердин бири катары статусун дагы бир жолу тастыктады.