7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марат Иманкулов Афганистан маселелери боюнча Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышты

683

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Душанбе шаарында Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилердин/Коопсуздук кеңешинин катчыларынын Афганистан маселелери боюнча төртүнчү аймактык диалогуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын коопсуздук тармагынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар Афганистандагы кырдаалдын мүнөзү, ошондой эле Афганистандын аймагынан келип чыгуучу чакырыктар жана коркунучтар тууралуу пикир алмашышты.

Көйгөйлөрдүн бүткүл комплексин талкуулоо менен катышуучулар Афганистандын келечегин бул өлкөнүн калкынын кызыкчылыгында афгандар өздөрү курушу керек деген пикирге келишти.

Терроризмге, баңги аткезчилигине, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү жаатында көп тараптуу кызматташтыкты активдештирүү менен бирге Афганистанды азыркы эл аралык процесстерге тартуу зарыл. Гуманитардык жана экономикалык каатчылыктан чыгууда Афганистанга жардам көрсөтүүнү улантуу маанилүү.

Марат Иманкулов белгилегендей, Кыргызстан Афганистандагы коопсуздук маселелеринде, анын ичинде бул өлкөнүн азыркы жетекчилигинин аракеттеринин натыйжасында оң жылыштарга үмүттөнөт. Анткен менен Афганистандагы туруктуулукка кызыкдар мамлекеттер БУУ, ЖККУ жана ШКУ сыяктуу эл аралык механизмдердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, ар бир коркунучту биргелешип жана комплекстүү иштеп чыгып, тыштан терс таасир тийгизүүчү аракеттерге өз убагында жана эффективдүү жооп кайтаруунун көп деңгээлдүү системасын түзүшү керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684